ТАБЫШТАМА КАЛТЫРУУ
Herbalife Nutrition компаниясы 1980-жылы түзүлгөндөн тартып, тең салмактуу тамактанууга арналган сапаттуу продукцияны сунуштоо аркылуу жашоону жакшыртууну өзүнүн миссиясы катары санайт.

Бөлүмдөрдүн ар биринен кененирээк маалымат алыңыз!
СПОРТ СУЛУУЛУК ДЕНЕ САЛМАГЫ КУЛИНАРИЯ
Instagram тиркемесиндеги барактарыбызга жазылыңыз!

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Бренд # 1


Herbalife Nutrition – дүйнөдөгү 94 өлкөдө өкүлчүлүгү бар, 40 жылдын аралыгында адамдардын жашоосун жакшыртып келе жаткан эл аралык компания. Herbalife Nutrition компаниясынын бренд №1* деп аталышынын себеби эмнеде? Дене салмагын азайтууга арналган натыйжалуу жеке программаларбы? Же тең салмактуу рационду түзүүдөгү абдан маанилүү тажрыйбабы? Албетте, булардын баары Herbalife Nutrition брендинин ажырагыс бөлүгү, бирок, биринчи кезекте, Herbalife Nutrition – бул адамдар. Продукциянын сапаты жөнүндө кам көргөн адамдар, дүйнөнү жакшыртууну каалаган адамдар.

Эмне себептен Herbalife Nutrition - №1 экендиги жөнүндө кененирээк маалымат алыңыз.*

* дене салмагын азайтуучу продукттардын категориясында, 2017-жылга карата Euromonitor Consumer Health 2018 маалыматтарына ылайык.

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Продукциянын жогорку сапаты


Биздин кардарлар ар күнү Herbalife Nutrition компаниясынын 4,8 миллиондон ашык протеин коктейлин ичишет! Адамдарды продукциянын ушундай көлөмү менен камсыздоого жөндөмдүү өндүрүш туруктуу мониторингге муктаж.

Herbalife Nutrition компаниясынын бардык продукциясы сапаттын дүйнөлүк стандарттарына жана продукция сунушталып жаткан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык катуу көзөмөлдөн өтөт.

Бул компаниянын - Түз сатуулардын Бүткүл дүйнөлүк Ассоциациясы, Россиянын Түз сатуулар Ассоциациясы, СРО (Тамакка биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрүүчүлөрдүн биримдиги, АЕВ ассоциациясы (Европа Бизнесинин Ассоциациясы, Диетологдордун жана нутрициологдордун улуттук ассоциациясы (НАДН, Россия), - сыяктуу көптөгөн өнөр жай, соода жана коомдук уюмдарында катышуусу менен ырасталат.

Ошондой эле, Herbalife Nutrition Диеталык/азыктык продукцияны өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын эл аралык альянсынын (IADSA) негиздөөчүсү болуп саналат.

Herbalife Nutrition продукциясынын өндүрүшү Өндүрүштүн эл аралык практикаларынын, анын ичинде GMP (Good Manufacturing Practice) жана тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун башкаруунун “Көзөмөлдүк критикалык чекиттердеги тобокелдиктерди талдоо” ХАССП (HAССP) тутумунун талаптарына жооп берет.

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Илимге негизделүү


Биздин жогорку сапаттагы продукциянын өндүрүшү илимге негизделген.

Herbalife Nutrition жетектөөчү адистердин жана бүткүл дүйнөнүн институттарынын жардамы менен өзүнүн продукттарын туруктуу түрдө клиникалык сыноолордон өткөрүп турат жана алардын натыйжаларын өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртууда колдонот.

Мисалы, Herbalife Nutrition продукциясынын натыйжалуулугу 2014-жылы РМИАга (Россия медицина илимдеринин академиясына) караштуу Тамак-аш Илимий-изилдөө институтунун клиникалык изилдөөлөрү аркылуу ырасталган: компаниянын «Формула 1» протеин коктейли жана «Формула 3» протеин аралашмасы деп аталган тамак продукттарын колдонуу менен коштолгон дене салмагын азайтуу программасы стандарттуу аз калориялуу диетага салыштырганда алда канча натыйжалуу болуп саналат. Изилдөөлөрдүн натыйжасында бул продукттар Диетологдордун жана Нутрициологдордун Улуттук Ассоциациясы тарабынан колдоого алынган.

Бардык изилдөөлөр Хельсинки Декларациясынын этикалык принциптерине, GСP (Good Clinical Practice, Талаптагыдай Клиникалык Практика) Эрежелерине жана аракеттеги нормативдик талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Нобель сыйлыгынын лауреаттары


Herbalife Nutrition продукциясын түзүүгө жана өркүндөтүүгө бүткүл дүйнөдө иштеп жаткан 300 окумуштуу катышат, алардын ичинен 50 окумуштуу – илимдин докторлору. Компаниянын курамында Илимий-консультациялык кеңеш иш алып барат.

Кызматчыларга жана кардарларга кеңири тажрыйбага ээ, өз ишинин кесипкөйлөрү болуп таанылган эксперттердин чоң штабы консультация берет.

Herbalife Nutrition менен иштешкен окумуштуулардын арасында Нобель сыйлыгынын* лауреаты дагы бар.

Луи Игнарро Herbalife Nutrition компаниясынын Илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү гана эмес, жүрөк-кан тамыр тутуму чөйрөсүнүн белгилүү эксперти.

* Нобель Академиясы, көз карандысыз уюм катары Herbalife Nutrition компаниясына тиешеси жок жана Herbalife Nutrition® компаниясынын тигил, же бул продуктун сунуштай албайт же колдой албайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Бүткүл дүйнөдөгү жеке өндүрүш


Herbalife Nutrition продукциясынын сапатынын негизи – ар бир этабын көзөмөлдөөгө, сапатка жана натыйжалуулукка умтулууга мүмкүндүк берген жеке өндүрүш.

Herbalife Nutrition ингредиенттерди алуудан тартып акыркы продуктту алганга чейинки бардык процессти башкарууга негизделген Seed to Feed стратегиясын колдонот – бул аркылуу өндүрүштүн ар бир этабына терең көзөмөл жасоого мүмкүндүк түзүлөт. .

Өндүрүлө турган продукциянын ингредиенттери экологиялык таза райондордо адистердин кылдат көзөмөлү алдында өстүрүлөт. Мындан кийин алар тандоодон жана иштетүүдөн өткөрүлөт. Бул этапта витаминдерге жана пайдалуу компоненттерге анализ жүргүзүлүп, тазалыгы жана коопсуздугу көзөмөлдөнөт.

Продукттардын көпчүлүгү Уинстон-Салем (АКШ) шаарындагы Инновациялар жана өндүрүш борборунда өндүрүлөт. Бардык продукция сапат көзөмөлүнөн жана этикеткада көрсөтүлгөн курамга дал келүү текшерүүсүнөн өтөт.

Адистештирилген транспорттоодон кийин продукция Herbalife Nutrition компаниясынын Сатуу борборлорунда кылдаттык менен сакталат жана ал жактан Сизге жеткирилет.

ЭМНЕ ҮЧҮН HERBALIFE NUTRITION?

Туура тамактануунун негиздери


Herbalife Nutrition продукттары атайын Сиздин жашооңузду жакшыртуу үчүн өндүрүлөт, бирок өз ден соолугуңуздун мыкты версиясын түзүүдө натыйжага жетишүү үчүн туура тамактануу жана активдүү жашоо образын кармануу зарыл. Мында Сизге 6 маанилүү элемент жардам берет: протеин, витаминдер жана минералдар, пайдалуу майлар, клетчатка, фитонутриенттер жана суу балансы. Ушул элементтердин, жеке пландын айкалышуусу жана биздин адистердин үзгүлтүксүз колдоосу Сиздин алдыга койгон максаттарыңызга жетишүүңүзгө, бардык тоскоолдуктарды жеңип, жашооңузду жакшыртууңузга жардам берет.

Жардамга муктажсызбы? Сайтка билдирме калтырып, Herbalife Nutrition компаниясынын жеке консультанты менен сүйлөшө аласыз. Ал акысыз wellness-тест жүргүзүп, Сиз үчүн тең салмактуу тамактануу жана дене салмагын көзөмөлдөө программасын кубаныч менен түзүп берет.

Активдүү жана дени сак жашоо образынын бардык ырахаттарын кабыл алыңыз!

Сайттагы жаңылыктарды байкап туруңуз.

Жакын арада туура тамактануунун бардык сырларын Сизге ачып беребиз - сайттагы жаңылыктарды байкап туруңуз!